Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:39

19-июнга карата аба ырайы тууралуу маалымат


Суусамыр.
Суусамыр.

19-июнда Кыргызстандын аймагында түнкүсүн кээ бир тоолуу райондордо жана тоо этектеринде жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Өрөөндөрдө жаан-чачын болбойт. Күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт, өрөөндөрдө жаан-чачын болбойт. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетиши ыктымал.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн 12…17, күндүз 27…32;

Таласта түнкүсүн 9…14, күндүз 24…29;

Баткенде, Ошто, Жалал-Абадда түнкүсүн 14…19, күндүз 29…34;

Ысык-Көлдө түнкүсүн 11…16, күндүз 21…26;

Нарында түнкүсүн 8…13, күндүз 21…26;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн 0…-5, күндүз 6…11 градус болот.

Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын болбойт, күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 14…16°, күндүз 29…31° болот.

XS
SM
MD
LG