Ош шаарындагы Кулатов кичирайонундагы чакан базардын ордуна курулуучу аллеянын жер алдындагы коммуникация иштери аяктап калды. Мэриянын басма сөз катчысы Азамат Абсатаровдун «Азаттыкка» билдиргени боюнча, аллея күзүндө пайдаланууга берилет. Анын айтымында, аллея мэриянын бюджетинен курулат, ага «Нурзаман» курулуш компанисы көмөк көрсөтүүдө.
Мэриянын маалыматы боюнча базардын ордуна курулуп жаткан аллеянын узундугу 850 метрди түзөт. Ага бак тигилип, отургучтар орнотулат.
Оштогу Кулатов кичи районунда базарды сүрүп, ордуна аллея куруу тууралуу мэриянын токтому 2018-жылы, ноябрда чыккан.
Баштапкы маалыматтарга караганда аллеянын курулушуна шаар бийлиги 30 млн. сом сарптамакчы. (MdN)