Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:35

Орусияда 5 Крым татары соттолду


Орусиянын Ростов-на-Дону шаарында Түндүк Кавказ аймагынын аскердик соту 5 Крым татарын экстремизмге байланыштуу айыптап, узак жылдарга түрмөгө кести. Алар 2017-жылы үйлөрүндө тинтүү жүргөндөн кийин кармалып, Орусияда тыюу салынган «Хизб ут-Тахрир» уюмуна мүчө болгон деген айып коюлган. Теймур Абдуллаев аттуу киши «Симферополдо бул уюмдун бөлүмүн түзгөн» деп айыпталган. Прокуратура бардыгын 17 жылдан 11 жылга чейин эркинен ажыратууну суранды. Абдуллаев 17 жылга күчөтүлгөн тартиптеги колонияга кесилди, калгандары прокурор сурагандан көп жылга эркинен ажыратылды. Соттолгондордун эч кимиси күнөөсүн моюнга алган жок. Алар апелляция берерин айтышты.

«Хизб ут-Тахрирге» кирген деген кине менен Орусия аннексиялаган Крымда 2014-жылдан бери 70тей киши кармалган. Алардын көбү мусулмандар. «Мемориал» укук коргоо кыймылы тарабынан алар саясий куугунтукка кабылгандар деп таанылган. Ал уюмга Украинада тыюу салынган эмес. Крым жарым аралын Орусия 2014-жылы аннексиялап алган. Ошондон бери аннексияга каршы чыккан жергиликтүү Крым татарлары куугунтукка алынууда.

XS
SM
MD
LG