Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:27

«Кыргыз почтасы»: Интернеттен алынган товарларды жеткирүү тездейт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

«Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасына заманбап 18 автоунаа берилди.

Бүгүн, 18-июнда Бишкекте автоунааларды тапшыруу аземинде «Кыргыз почтасы»​ ишканасынын жетекчиси Марс Наспеков бул техника каражаттары мекеменин ишин илгерилете турганын билдирди. Ал мындан ары «Кыргыз почтасы»​ Кытайдын Кашкар шаарына чейин жете турган өлкөдөгү жалгыз ишканага айланарын айтты.

Наспеков Кытайдын Интернеттеги дүкөндөрүнөн алдырыла турган товарларды жеткирүүнүн мөөнөтү да 15-20 күнгө чейин кыскара турганын кошумчалады. Анын айтымында, статистикалык маалыматтар Кыргызстанда Интернет аркылуу товар алдыргандар 30 пайызга чейин көбөйгөнүн көрсөтүп жатат.

Машинелерди алууга Дүйнөлүк почта уюму жардам берген. Ал уюм бул үчүн 120 миң доллар бөлүп, ага «Лада» үлгүсүндөгү 18 автоунаа сатып алынды. (NT)

XS
SM
MD
LG