Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:43

«Kloop» менен кошо даярдалган долбоор «Канн» фестивалында алтын байге алды


Кыз ала качуу. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыз ала качуу. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандагы «Kloop.kg» сайты менен «Leo Burnett Moscow» агенттиги чогуу өткөргөн социалдык акция Канн фестивалында «Сырткы жарнама» номинациясы боюнча жеңишке жетип, алтын байге алды. Бул тууралуу аталган сайт кабарлады.

Былтыр ноябрь-декабрь айларында «Kloop.kg» сайты менен «Leo Burnett Moscow» кыз ала качууга каршы «Көшөгө», «Мен «макул» деп айткан эмесмин» аттуу социалдык акция өткөрүшкөн. Анын максаты кыз ала качуунун кылмыш экенин элге жеткирүү болгон.

Акцияда ала качууну баштан кечирген, мажбурлап никеге турган кыз-келиндердин тагдырлары баяндалган.

Аны уюштурууга кыз ала качуунун курмандыгы болгон, Бишкектеги Медициналык коллеждин 19 жаштагы студенти Бурулай Турдаалы кызынын өлүмү түрткү берген.

«Канн» фестивалы 17-июнда башталган. 21-июнга чейин уланат.

XS
SM
MD
LG