Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:31

Жээнбеков Жогорку Кеңешке: Сиздерди абдан чоң иштер күтүп турат (видео)


Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков.

Президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңештин депутаттарына шайлоочулар менен иштиктүү жолугушууларды каалап, алдыда аларды чоң иштер күтүп турганын айтты.

Бүгүн президент парламентке барып, жаңы дайындалган министрлердин ант берүүсүнө катышты.

- Алдыда шайлоочулар менен жолугушууларыңар болот. Андан кийин бир ай эс аласыздар. Шайлоочулар менен жолугушууларыңар иштиктүү болсун. Жакшы эс алып, кайра келиңиздер. Сиздерди дагы абдан чоң иштер күтүп турат, - деди Жээнбеков.

Ошону менен катар президент парламентке Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) саммитин өткөрүүгө жана Монголия менен Индиянын жетекчилеринин сапарларын уюштурууга кошкон салымы үчүн ыраазычылыгын билдирди. (RK)

XS
SM
MD
LG