Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:01

Балдардын өлүмү тартылган видеонун тарап кеткени үчүн милиционерлер жазаланды


Эски муздаткыч. Иллюстрациялык сүрөт.
Эски муздаткыч. Иллюстрациялык сүрөт.

Муздаткычка камалып чарчап калган эки бала тууралуу видео коомчулукка тарап кеткени үчүн эки милиция кызматкери жазага тартылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги кабарлады.

Ички иштер министрлигинин ички иликтөө кызматы балдардын сөөгү табылган учурда тартылган тасманын тарап кеткени боюнча Ысык-Көл ички иштер башкармалыгында иликтөө жүргүзүп, бир катар кызматтык мыйзам бузууга жол берилгенин билдирген. Милиция кызматкерлери арасында жетекчилик тарабынан тийиштүү түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн эмес деп табылган.

Жыйынтыгында, кызматкерлердин кесиптик этикасы, башкармалыктын тартиптик уставын одоно бузган деп Түп райондук ички иштер бөлүмүнүн Ж.Ч жана анын кесиптеши С.К. аттуу милиция кызматкерине эскертүү берилди.

3-июнь күнү Түп районундагы Михайловка айылында муздаткычтын ичинде каза болуп калган алты жана төрт жаштагы эки баланын өлүмү боюнча факт Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Баштапкы маалыматтарга ылайык, эки наристе ойноп жүрүп эски муздаткычтын ичине түшүп алган. Жабдуу ичинен ачылбаганы үчүн балдар камалып, думугуп калышкан. Балдардын сөөгү табылган видео коомчулукка тарап кетип, кызуу талкуу жараткан. (TSh)

XS
SM
MD
LG