АКШнын президенти Дональд Трамп 2020-жылдагы президенттик шайлоого кайра катышуу үчүн үгүт өнөктүгүн расмий баштады. Ал 18-июнда Флорида штатындагы Орландо шаарында тарапташтарынын алдында сүйлөп жатып, саясий атаандаштарын - демократтарды «өлкөнү бузууга аракет кылып жатышат» деп айыптады. Айрым жалпыга маалымдоо каражаттарын ал «жалган маалымат таратат» деп сындады.
Трамп ошондой эле СПИД оорусун тыптыйпыл токтотууга, «өсмө сыяктууайыккыс көптөгөн дарттарга дабаа болчу» дары-дармекти табууга, медицинаны өнүктүрүүгө убада берди.
- Биз өсмө жана башка көптөгөн ооруларды айыктыруунун, көптөгөн маселелерди чечүүнүн жолдорун ойлоп табабыз. Биз Америкадагы СПИДди биротоло токтотобуз, биз бул максатка жакындап калдык, - деди Трамп.
АКШда президенттик шайлоодо Флорида штаты чечүүчү роль ойнойт. Трамп бул штаттан 2016-жылы көп добуш алган. Бирок 2020-жылдагы шайлоону утурлай жүргүзүлгөн социологиялык сурамжылоолорго караганда ал Демократтар партиясынын талапкерлерине утулуп жатат.
Дональд Трамп - Республикалык партиянын негизги талапкери. Демократтар болсо эмдиги жылкы шайлоодо кимди сүрөй турганын аныктай элек. Сурамжылоолор мурдагы вице-президент Жо Байдендин рейтинги жогору экенин көрсөткөн.