Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:11

Жангарачева Көркөм өнөр музейине директор болуп дайындалды


Мира Жангарачева.
Мира Жангарачева.

Мира Жангарачева Гапар Айтиев атындагы Көркөм өнөр музейинин директору болуп дайындалды. Бул тууралуу буйрукка бүгүн, 19-июнда кол койгонун «Азаттыкка» маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов билдирди.

Министрдин айтымында, Жангарачева жети талапкердин арасынан тандалып алынды.

- Ал буга чейин мамлекеттик кызматтарды аркалаган, - деди министр. - Жангарачеваны тажрыйбасы чоң, көп маселелерди чече билген менежердик сапаты жогору, бекем адам катары билебиз. Ошол жерде жаңылык киргизип, оңдоп-түзөйт деп ишенебиз.

Музейдин буга чейинки жетекчиси Юристанбек Шыгаев кызматынан 28-майда алынган.

Музейдеги сүрөттөрдүн жоголушун иликтеш үчүн түзүлгөн комиссия Шыгаев Николай Сверчковдун кыл калеминен жаралган «Ит менен ат» жана Николай Генин «Бакуниндин портрети» аттуу сүрөттөрүнүн түп нускасын алганы аныкталганын билдирген. Комиссия төрагасы Бактыбек Секимов «Азаттыкка» билдиргендей, эмгек өргүүсүндө жүргөн Шыгаев кызматтан кетүү боюнча арыз жазган.

Мира Жангарачева өкмөттө вице-премьер болгон, республикалык парламентте депутаттык кызматты аркалаган. Кийинки жылдары эл аралык уюмдарда иштеп жүргөн. (RK)

XS
SM
MD
LG