Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
жума, 3-апрель, 2020 Бишкек убактысы 06:54

Москвада калайман мушташтан бир кыргыз жараны каза болгону кабарланды


Иллюстрациялык сүрөт.

Москвада Кыргызстандан барган мигранттар мушташа кетип, бири каза болгонун Орусиянын маалымат каражаттары жазып жатышат.

Окуя 19-июнда «Электрозаводская» метро станциясынын жанында болгон. Калайман мушташтан дагы үч адам жараат алып, ооруканага түштү.

«18-20 жаштагы жигиттер «Ысык-Көл» ресторанынан мас болуп чыгышкан. Баары тең кыргызстандыктар» деп жазды «Московский комсомолец» басылмасы.

Орусияда 600 миңден ашуун кыргыз жараны эмгек мигранты болуп жүргөнү расмий айтылган. (RK)

Пикирлерди көрүңүз (16)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG