Парламенттин депутаты Каныбек Иманалиев Интернетте өзүнө карата айтылып жаткан сынга жооп берди. Иманалиев «Азаттыкка» ал документ жалпы парламенттин чечими болгонун билдирди:
- Тийиштүү комитеттерден өткөн. Комитеттин төрагасы катары депутат койгон колу үчүн жоопкерчиликке тартылбайт. Анткени ал жалпы жамааттык чечим болот. Комитеттин мүчөлөрүнүн көпчүлүгү добуш берсе мен кол койгом, мага чейин да кол коюшкан, менден кийин да коюшат. Дүйнөлүк практика ушундай. Ал эми өкмөт каржылык, тендер маселесин карайт.
Иманалиев долбоордун каржылык жагына өкмөт жоопкерчиликтүү болоорун кошумчалады.
Аpril.kg сайтты «эл аралык иштер боюнча комитеттин Бишкек ЖЭБин жаңылоо үчүн насыя алуу тууралуу чечимин Каныбек Иманалиев колдогон. Социалдык тармактарда комитеттин 2013-жылкы чечиминин сүрөтү жарыяланды» деп жазып чыкты. Социалдык тармактарда Иманалиев өзү ЖЭБ боюнча сын айтып жүргөнү талкууланып жатат.
Учурда депутат Каныбек Иманалиев экс-президент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу боюнча парламенттеги комиссияны жетектеп жатат. Анда Атамбаевдин Бишкек Жылуулук борборун оңдоодогу коррупцияга тиешеси бар деген шек саноо болуп жатат. (TSh)