Бишкекте «Таза аба үчүн» акциясы өтүп, айдоочуларга жана МАИ кызматкерлерине автомашинадан зыяндуу заттардын чыгышын азайтуу жана андан сактануу боюнча кеңештер берилди. Аны «МувГрин» экологиялык коомдук уюму менен жол көзөмөлдөө кызматкерлери бирге уюштурушту.
«МувГрин» экологиялык коомдук уюмунун директору Мария Колесникованын айтымында, борбордо абанын булганышына эски автоунаалардын көптүгү жана тыгындардын көбөйгөнү себеп болууда.
- МАИ кызматкерлери жолдо көп тургандыктан алар дайыма булганган аба менен дем алышат. Жайында абаны машинелерден чыккан түтүн булгайт. Анткени Бишкекте машине абдан көп жана күйүүчү майдын сапаты начар. Маршруттук таксилердин көпчүлүгү дизел менен жүрөт. Автоунаалардан чыккан газ айдоочулардын ден соолугуна зыян. Биз аларга атайын көрсөтмөлөрдү, респиратордук маскаларды берип, автоунаалардан чыккан газды кантип азайтуу керек экенин айттык. Мисалы, автоунааны техникалык текшерүүдөн өткөрүп, сапаттуу майды, катализаторлорду колдонсок, абанын булганышы азаят, – деди Мария Колесникова.
Кыргызстанда расмий катталган 1 миллион 200 миң автоунаа бар. Бишкек шаарынын жол түзүмдөрү 50 миң даана машинеге гана ылайык экенине карабастан күнүнө ары-бери жүргөн машиналардын саны 400 миңден ашат.