Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:45

Көз доктурлар кайрадан Жогорку Кеңештин алдына чыгышты


Көз доктурлардын нааразылык акциясы. 19-июнь, 2019-жыл.
Көз доктурлардын нааразылык акциясы. 19-июнь, 2019-жыл.

Бүгүн 19-июнда Жогорку Кеңеш менен президенттик администрациянын имаратынын алдында Улуттук госпиталдын көз доктурлар тобунун нааразылык акциясы өттү. Алар №1 Микрохирургия бөлүмүнүн башчысы Салтанат Иманбаева мыйзам бузганына карабастан ишин улантып жатканын айтып, өлкө жетекчилигине кайрылышты.

Бөлүмдүн дарыгери Бурулкан Шаршеева Иманбаева бейтаптан пара талап кылганын билдирди:

- Аны нак акча менен кармап, УКМКга алып кетишиптир. Бирок ошондон бери кайра эле иштеп жатат. Мындай болбошу керек.

Бул тууралуу кабар кабар май айында Интернетке чыккан, бирок Иманбаева өзү мындай маалымат чындыкка дал келбесин айткан.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз катчысы Рахат Сулайманов төмөнкүлөрдү айтып берди:

- 14-майда Башкы прокуратура "Опузалап пара алуу" беренеси боюнча ишти Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине каттаган. Сотко чейинки териштирүүдө 31 миң сом арыз жазган адамдын апасынын операциясына зарыл каражат алууга колдонулганы аныкталган. Комиссиялык экспертиза жүрүп жатат. Саламаттык сактоо министрлигине Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду менен бирге ошол каражатты операция жасаган дарыгер өз каражатына сатып алганы канчалык мыйзамдуу экенин аныктоо тууралуу кат жөнөтүлдү. Жыйынтык чыккандан кийин ошол дарыгердин кылган иш-аракеттерине укуктук баа берилет.

Иманбаева менен ал жетектеген бөлүмдүн дарыгерлер тобунун ортосунда тирешүү дээрлик эки жылдан бери уланып келе жатат. Алар Иманбаева менен иштөөгө мүмкүн болбой калганын, грант аркылуу келген кымбат баалуу жабдууну өз менчигине өткөрүп, операцияларды өзү гана жасап калганын айтышкан.

Ал эми Иманбаева коюлган дооматты четке кагып, техниканы эч кайда алып кетпегенин, анын иш боюнча айткан сын-пикирлерин дарыгерлер кемсинтүү катары кабыл алып жатышканын билдирген. (RK)

XS
SM
MD
LG