Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:20

Жерар Депардье Өзбекстан тууралуу даректүү тасмага тартылат


Жерар Депардье менен Гүлнара Каримова.
Жерар Депардье менен Гүлнара Каримова.

Ташкенттеги ЖМКлар франциялык «B-Tween» продюсердик компаниясы өзбек өкмөтүнүн жана «Uzbekistan Airways» өзбек компаниясынын колдоосу менен Өзбекстан тууралуу даректүү тасма тартарын, ага белгилүү актер Жерар Депардье катышарын жазышты.

Тасмада өлкөдөгү тарыхый жайлар, эстеликтер көрсөтүлөт жана ал чет өлкөлүк туристтерди кызыктырууга багытталган.

Жерар Депардьенин аты постсоветтик өлкөдөгү диктаторлорго байланыштуу көп айтылат.

2012-жылы белгилүү актер Өзбекстандын ошол кездеги президенти Ислам Каримовдун кызы Гүлнара Каримованын чакыруусу менен Ташкентке келген жана экөө дуэт менен ырдап, клипке тартылган.

Жерар Депардье 2013-жылы Чеченстандын президенти Рамзан Кадыровдун чакыруусу менен Грозныйда болгон. Кадыров ага борбор шаардан батир белек кылган. Ошол эле жылы актер орус президенти Владимир Путиндин колунан Орусиянын паспортун алган.

XS
SM
MD
LG