Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:10

«Wellcome Trust»: Дүйнөдө эмдөөнүн натыйжасынан күмөн санагандар көп


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

«Wellcome Trust» уюму эмдөө тууралуу 142 мамлекеттин 140 миңдей тургуну катышкан сурамжылоонун жыйынтыгын жарыялады. Анда сурамжылоого катышкандардын 79 пайызы эмдөөнү коопсуз деп эсептегени менен 84 пайызы анын натыйжа берерине ишенбей турганы аныкталды.

Эмдөөнүн натыйжалуулугуна ишенбестик өнүккөн мамлекеттердин арасында Францияда эң көп. Каршылардын көбү диний жөрөлгөлөрдү жана «эмдөө аутизмге алып келет» деген ырасталбаган, негизсиз маалыматтарды жүйө кылып келишет.

Ал эми Руанда жана Бангладеш мамлекеттери тескерисинче эмдөөнү адам өмүрү үчүн маанилүү деп эсептешет.

Кыргызстандыктардын 68 пайызы эмдөөнүн коопсуздугуна ишенишет.

Бир топ өлкөлөрдө эмдөөгө каршылык күчөп бараткандыктан Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму бул жагдайды 2019-жылдагы ден соолукка кооптуу эң негизги 10 коркунучтун тизмесине кошту.

Адистер убагында жасалган эмдөө жыл сайын 2-3 миллион адамдын өмүрүн сактап калууга жардам берерин айтып келишет.

XS
SM
MD
LG