Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:19

БУУ: Хашогжинин өлүмү боюнча Эр-Риядга коюлган доомат бышыкталды


Журналист Жамал Хашогжинин сөөгү эмгиче табыла элек.
Журналист Жамал Хашогжинин сөөгү эмгиче табыла элек.

БУУнун атайын баяндамачысы Аньес Каламар саудиялык журналист Жамал Хашогжинин (Хашогги) өлүмү боюнча иликтөөнүн жыйынтыгын жарыялады. Бул тууралуу «Reuters» маалымат агенттиги билдирди.

Каламардын айтымында, Түркиядагы атайын кызмат БУУга Стамбулдагы Сауд Арабиясынын элчилигинде Хашогжи өлтүрүлгөн күнү жаздырылып алынган аудио жазуулардын айрымдары менен бөлүшкөн.

- Бул аудиожазуулар жана башка далилдер Хашогжинин өлүмү Сауд Арабиясындагы айрым жооптуу кызмат адамдарынын алдын-ала даярдалган, мыкаачылык менен ишке ашырылган планы болгонун ырастайт, - деди Каламар.

БУУнун атайын баяндамачысы Эр-Риядды Хашогжинин өлүмүн ачык, калыс иликтебегени үчүн да күнөөлөдү.

«The Washington Post» басылмасы менен кызматташып келген журналист Жамал Хашогжи өткөн жылдын октябрь айында Стамбулдагы Саудиянын консулдугунда өлтүрүлгөн. Кийинки жылдары журналист Эр-Рияддын саясатын кескин сындап келген.

Түркиянын атайын кызматтары журналисттин өлүмүнө Саудиянын жогорку бийлигинин тиешеси бар деген жоромолун билдиришкен.

Хашогжинин сөөгү ушул күнгө чейин табыла элек. Сауд Арабиясынын бийлиги журналисттин өлүмү үчүн шектүү 21 киши камакка алынганын кабарлаган. Расмий Эр-Рияд падышалыктын жогорку бийлиги, тактап айтканда ханзаада, тактынын мураскери Мухаммед бин Салмандын буга эч тиешеси жок экенин билдирип жүрөт.

XS
SM
MD
LG