Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:50

АКШ учакты атып түшүргөндөрдү жоопко тартууга Москваны чакырды


Кыйраган учактын сыныктары иликтенип жаткан учур. 1-август, 2014-жыл.
Кыйраган учактын сыныктары иликтенип жаткан учур. 1-август, 2014-жыл.

АКШ беш жыл мурда Украинанын чыгышында малайзиялык учактын кыйрашына байланыштуу эл аралык тергөө тобунун төрт кишиге айып коюшун колдоду.

Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Майк Помпео 19-июндагы билдирүүсүндө Москваны «БУУнун талаптарын сыйлоого жана аткарууга», учурда Орусиянын аймагында жүргөн бардык күнөөлүү жарандардын сот жообуна тартылышын камсыз кылууга чакырды.

Буга чейин Украина да эл аралык тергөө тобунун иликтөөсүн кубаттап, Кремлди кырсык үчүн жоопкерчиликти сезүүгө үндөгөн. Орусия иликтөөнүн жыйынтыгын «өлкөнү дискредитациялоого багытталган» деп сыпаттады.

Эл аралык тергөө тобу «Боинг-777» жүргүнчү учагын атып түшүрдү деп шек саналып жаткан төрт адамдын ысымын 19-июнда Нидерландда өткөн басма сөз жыйынында жарыялаган.

Нидерланддын прокурору Фред Вестербеке окуяга катышкан үч орусиялык жана бир украиналык «киши өлтүрдү» деп айыпталып жатканын айтты:

- Бүгүн биз жоопко тартыла турган төрт шектүүнү кармоо тууралуу эл аралык ордер жөнөтөбүз. Мамлекеттик жана эл аралык деңгээлде бул адамдарга издөө жарыяланат. Мындан улам биз алардын толук аты-жөнүн жана сүрөттөрүн ачыкка чыгарабыз. Алар - Игорь Гиркин (Стрелков), Сергей Дубинский, Олег Пулатов жана Леонид Харченко.

Вестербеке аты аталган адамдар ракетаны өз колдору менен учурушпаса да, алардын кызматташтыгы жана беш жыл мурунку аракеттери учакты атып түшүрүүгө себеп болгонун белгиледи.

Учак Орусиянын Куралдуу күчтөрүнүн «Бук» ракеталык комплекси менен атып түшүрүлгөнүн Эл аралык тергөө тобу бир жыл мурда билдирген.

Амстердамдан Куала-Лумпурга бараткан малайзиялык учак 2014-жылдын 17-июлунда орусиячыл жикчилдер көзөмөлдөгөн Донецк облусунун үстүндө атып түшүрүлүп, борттогу 298 адамдын баары каза тапкан.

XS
SM
MD
LG