Жогорку Кеңештин депутаты Таабалды Тиллаев Баткенде Тажикстан тараптын жол салып киргенине байланыштуу өкмөттү айыптап, буга кескин чара көрүүнү талап кылды. Бул тууралуу ал 20-июндагы жалпы жыйында өкмөттүн парламенттеги өкүлү Ашырбек Темирбаевге кайрылып жатып билдирди:
- Мен сизге кечээ, эки күн мурда болгон Аксай-Ворух жолундагы кырдаал боюнча кайрылгым келип жатат. Азыр жагдай курч болуп жатканда, өкмөт, уктабагылачы. 20 метр асфальт төшөп биздин жерге кирип кеткиче оозуңарды ачып олтурдуңар. Бул жерде ишти так алып баргыла.
Мунун алдында Мамлекеттик чек ара кызматы 18-июнда тажик тарап Кыргызстан менен макулдашпай туруп Баткен районунун Таш-Тумшук айылындагы тактала элек тилкедеги Исфара-Аксай-Ворух орток автожолуна асфальт төшөй баштаганын кабарлаган.
«Тажикстандын жарандары орток жолду саат 20:00дөн 21:20га чейин мыйзамсыз жаап турушту. Чек арачылардын жолду ачуу жөнүндө талабына баш ийбей, бир аз чатак чыгарышты. Тиешелүү өкүлдөр менен сүйлөшүү өткөрүлгөндөн кийин жолдогу иштер токтотулду», деп билдирген 19-июнда Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы. Жагдай боюнча сүйлөшүүлөр уланып жатканы айтылган.
Тажик тарап жол куруу иштери Тажикстандын гана аймагында жүрүп жатканын билдирүүдө. Коңшу республиканын Согди облусунун башчысы Ражаббой Ахмадзода «Азаттык» радиосунун тажик кызматына «Ворух-Исфара жолун реконструкциялоо иши бир да мүнөт токтобогонун, кыргыз тараптан эч кандай тоскоолдук болбогонун» айтты.
Кыргызстан менен Тажикстандын чектеш аймактарында эки өлкөнүн тургундары жол, жер талашып буга чейин да бир канча ирет чатакташкан. Мындай чатактарда адам өмүрү кыйылган учурлар да болгон. (ErN)