Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:37

Ош базарынын айланасын тазалоо учурунда талаш чыкты


Өрттөнгөн Ош базары. Буга чейин тартылган сүрөт.
Өрттөнгөн Ош базары. Буга чейин тартылган сүрөт.

Бишкек шаарындагы Ленин райондук акимиаты Ош базарынын айланасындагы башаламан коюлган соода күркөлөрүнөн тазалоо иштерин жүргүзүп жатат.

Аталган мекеме кабарлагандай, алар милиция кызматкерлери менен кошо жаңы кодекстерге ылайык эреже бузгандарга 3 миң сомдон айыппул салууда.

20-июндагы иш-чара учурунда базардын жанындагы жолго чыгып алган сатуучулардын бири менен акимиаттын кызматкерлеринин ортосунда талаш-тартыш чыкты. Соодагерлердин бири жанында паспорту болбогондуктан протокол толтурууга макул болгон эмес. Кызматкер товар салынган арабаны алып кетүүгө аракет кылган учурда анын ээси каршылык көрсөтүп, тартыша кеткен.

Бишкектеги Ош базары былтыр үч-төрт жолу өрттөнгөн. Андан жабыркагандар «базар көчүрүү максатында атайылап өрттөлүшү мүмкүн» деген божомолдорун айтышкан. ИИМ да Ош базарындагы өрткө байланыштуу бир нече версия каралып жатканын, анын ичинде атайылап өрт коюлушу мүмкүн деген шек да бар экенин маалымдаган. Контейнерлер күйүп кеткендиктен ондогон сатуучуларга жолго чыгып соода жүргүзүүгө уруксат берилип турган эле. (ErN)

XS
SM
MD
LG