Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:57

Депутат Орозова башкы прокурор Атамбаев боюнча «жооп берип калышы мүмкүн» экенин эскертти (видео)


Алмазбек Атамбаев.
Алмазбек Атамбаев.

Жогорку Кеңештин депутаты Карамат Орозова парламент трибунасынан башкы прокурорго кайрылып, мурдагы президент Алмазбек Атамбаев боюнча калыс чечим чыгарууга чакырды.

Депутат айым башкы прокурор «убагы келгенде жооп берип калышы мүмкүн» экенин эскертти:

- Тарыхты, өлкөнүн келечегин, өзүңүздүн жана үй-бүлөңүздүн, балдарыңыздын келечегин ойлоп туруп, мыйзамдуу чечим кабыл алышыңыз керек. Эгер андай кылбасаңыз, убагы келет, жооп берип калышыңыз мүмкүн.

​Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди жоопко тартыш үчүн аны кол тийбестиктен ажыратуу маселесин бүгүн, 20-июнда Жогорку Кеңеште карала баштады.

Кол тийбестик боюнча түзүлгөн атайын депутаттык комиссия демилгечи топтун Атамбаевге койгон тогуз кинесин карап чыгып, алтоо – бийликти узурпациялады, Кой-Таштагы тамынын жери мыйзамсыз, кримтөбөл Азиз Батукаевди бошотууну уюштурган, акча адалдаган «Ака инвест» компаниясына тиешеси бар, Бишкектин Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоодогу коррупцияга аралашкан, Бишкек ЖЭБине көмүр ташыган ишкананын кызыкчылыгын коргогон деген айыптар боюнча - Атамбаевден шектенүүгө негиз бар деп чечкен.

Ал эми үчөө – Орусиянын 123 жаранына, анын арасында кылмыштуу топтордун мүчөлөрүнө ок атуучу курал берген, Чүйдө 35,65 гектар айдоо аянтын мыйзамсыз трансформациялаган, Ысык-Көлдүн Чоң-Сары-Ой айылында 4,61 гектар жерди «Фрунзе Резорт» компаниясына мыйзамсыз өткөрүп берген деген айыптар боюнча - комиссия күнөө коюу негизсиз деген бүтүмгө келген. Буга Атамбаев ал кездери президенттик кызматты ээлебегени себеп болгон.

Эреже боюнча, комиссиянын корутундусу Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында 60 добуш алса Башкы прокуратурага жөнөтүлөт. Башкы прокурор өз пикири менен кайра депутаттарга кайтарат. Андан кийин 80 депутат макулдугун берсе кол тийбестик алынат.

Атамбаев баштаган Кыргызстан социал-демократиялык партиясы (КСДП) депутаттык комиссиянын жыйынында айтылгандарды «чуулгандуу коррупциялык иштерден коомчулуктун көңүлүн алаксытуу» деп баалап жатат. (RK)

XS
SM
MD
LG