Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Ноябрь, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 20:36

Жанарбек Акаев: Атамбаевден өч албайлы, Жээнбековго жаңы «Икрамдарды» жаратууга жол бербейли (видео)


Жанарбек Акаев.

Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев бүгүн, 20-июнда парламенттин жалпы жыйынында экс-президент Алмазбек Атамбаевден жеке өч алууга жол бербөөгө чакырды. Ошону менен катар ал азыркы президенттин да мыйзамсыз иштерден оолак болушу үчүн парламенттин ролу бар экенин белгиледи:

- Мен Атамбаев күчүндө болуп турганда бардык каталарын бетине айткам. Бирок ал азыр президент эмес, күчүн жоготкон. Баарыңар үчүн жооп бере албайм, бирок азыр жыгылганды баса калып тепкилесем, жеке мен үчүн жигиттикке жатпайт. Атамбаевге байланыштуу жеке өч алуудан, жеке таарынычтардан өйдө болушубуз керек. «Ал мурда антип койду, минтип койду» деген башка маселе, системалык жактан алганда өтө жаман өнөкөт болуп, кийин ар бирибиздин өзүбүздүн башыбызга келбесе экен деген тилек. Азыр ага коюп жаткандай чабуулду бардык органдарга, бардык мыйзамсыз иштерге коюшубуз керек. Ошондо биз эл өкүлчүлүк милдетибизди аткарган болобуз. Мындан ары президентке жардам беребиз, анын саясатын колдойбуз десек, ага жаңы Икрамдарды, жаңы Манас Арабаевдерди, Абдил Сегизбаевдерди жаратпашыбыз керек.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди жоопко тартыш үчүн аны кол тийбестиктен ажыратуу маселеси бүгүн, 20-июнда Жогорку Кеңеште карала баштады.

Кол тийбестик боюнча түзүлгөн атайын депутаттык комиссия демилгечи топтун Атамбаевге койгон тогуз кинесин карап чыгып, алтоо – бийликти узурпациялады, Кой-Таштагы тамынын жери мыйзамсыз, кримтөбөл Азиз Батукаевди бошотууну уюштурган, акча адалдаган «Ака инвест» компаниясына тиешеси бар, Бишкектин Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоодогу коррупцияга аралашкан, Бишкек ЖЭБине көмүр ташыган ишкананын кызыкчылыгын коргогон деген айыптар боюнча - Атамбаевден шектенүүгө негиз бар деп чечкен.

Ал эми үчөө – Орусиянын 123 жаранына, анын арасында кылмыштуу топтордун мүчөлөрүнө ок атуучу курал берген, Чүйдө 35,65 гектар айдоо аянтын мыйзамсыз трансформациялаган, Ысык-Көлдүн Чоң-Сары-Ой айылында 4,61 гектар жерди «Фрунзе Резорт» компаниясына мыйзамсыз өткөрүп берген деген айыптар боюнча - комиссия күнөө коюу негизсиз деген бүтүмгө келген. Буга Атамбаев ал кезде президенттик кызматты ээлебегени себеп болгон.

Атамбаев баштаган Кыргызстан социал-демократиялык партиясы (КСДП) депутаттык комиссиянын жыйынында айтылгандарды «чуулгандуу коррупциялык иштерден коомчулуктун көңүлүн алаксытуу» деп баалап жатат. (BTo)

Пикирлерди көрүңүз (41)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG