Германияда Кыргызстандан бараткан автоунаадан жарым тоннадан ашык баңгизат кармалышына байланыштуу «Элит Шоко» кондитердик фирмасынын ээси Аида Жолдошева Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматына суракка чакырылды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынын өкүлү Карима Аманкулова билдирди.
Күн мурун германиялык басылмалар немис-поляк чек арасында жүк ташуучу автоунаадан 670 килограмм героин кармалганын жазышкан. Баңгизаттар Кыргызстанда өндүрүлгөн шириндиктердин ичине катылып, ташылып баратканы такталган.
Интернетке жарыяланган маалыматтарга ылайык, анда алынган документтерде өндүрүүчү катары Кыргызстандагы «Элит Шоко» жоопкерчилиги чектелген коому көрсөтүлгөн. Жүк Белгияга жөнөтүлгөнү кабарланган. Автоунаанын айдоочусу Түркиянын жараны экени, көптөн бери Кыргызстанда иштеп, Бишкекте жашай турганы айтылды. (ErN)