Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:23

ИИМ: Батукаевдин ишине жалпысынан 13 адамдын тиешеси каралып жатат


Азиз Батукаев.
Азиз Батукаев.

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу ишке жалпысынан 13 адамдын катышы каралып жатат. Бул тууралуу бүгүн, 20-июнда Жогорку Кеңеште маалымат берип жатып ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов билдирди:

- Сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат. 13 фигурант, арасында мурдагы министрлер да бар. Анын төртөө убактылуу кармоочу жайда.

Бүгүн парламентте мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестиги боюнча маселени караган депутаттык комиссиянын корутундусу талкууланып жатат. Бир топ депутаттар Атамбаевди жоопко тартыш керек экенин айтып чыккандан кийин комиссия түзүлүп, ал демилгечи топ сунуш кылган тогуз айыптын алтоо боюнча Атамбаевден шектенүүгө жана укук коргоо органдарынын текшерүүсүнө негиз бар деген корутундуга келген. Алты киненин бири Батукаевге байланыштуу.

Эреже боюнча, комиссиянын корутундусу Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында 60 добуш алса Башкы прокуратурага жөнөтүлөт. Башкы прокурор өз пикири менен кайра депутаттарга кайтарат. Андан кийин 80 депутат макулдугун берсе кол тийбестик алынат.

Атамбаев баштаган Кыргызстан социал-демократиялык партиясы (КСДП) депутаттык комиссиянын жыйынында айтылгандарды «чуулгандуу коррупциялык иштерден коомчулуктун көңүлүн алаксытуу» деп баалап жатат. (RK)

XS
SM
MD
LG