Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:25

Трамп Путин менен Жапонияда жолугат


АКШнын президенти Дональд Трамп Орусиянын президенти Владимир Путин менен кийинки жумада Жапонияда «Чоң жыйырманын» саммитинде жолугарын билдирди. «Fox News» телеканалындагы маегинде Трамп «Орусия менен мамилени оңдогусу келерин» айтты.

Мунун алдында орус президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Путин менен Трамптын жолугушуусу тууралуу кабардар эмес экенин, Осакадагы эки тараптуу жолугушуулардын күн тартиби такталып жатканын билдирген.

Өткөн айда Путин Сочиге барганда расмий Москва Вашингтон менен алаканы жөнгө салгысы келерин билдирген жана Трамп менен Жапонияда «Чоң жыйырманын» саммитинде жолугушуу мүмкүндүгүн жокко чыгарган эмес.

Өткөн жылдын аягында «Чоң жыйырманын» Буэнос-Айрестеги саммитинде АКШ менен Орусиянын президенттери жолугат деп бир канча жолу айтылганы менен болбой калган. Ага Керч кысыгындагы украин-орус деңиз аскерлеринин жаңжалы себеп болгон.

XS
SM
MD
LG