Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Египеттин мурдагы президенти Мухаммед Мурсинин өлүмүнүн себеби эл аралык деңгээлде иликтениши керек экенин айтып чыкты. Эл аралык коомчулуктун, маселен, БУУнун адам укуктары боюнча жогорку комиссарынын деңгээлинде көңүл бурдурууга колдон келишинче аракет кылууга убада берди.
- Мурси сот залында 20 мүнөттөй эс-учтан танып жатты, ага эч ким көңүл бурган жок. Мурсини өлтүрүштү, - деди Эрдоган.
Стамбулда Египеттин экс-президентинин арбагына багышталып куран окутулду. Куран окутууга барган Эрдоган Мурси өз ажалы менен өлгөнүнө ишенбей турганын айтты.
Египеттин тышкы иштер министри Ахмед Хавез түрк президентинин атын атабай, анын айткандарын сынга алды:
- Мындай жооптуу кызматтагы адамдар демократияны, адам укуктарын сыйлашарын айтып келишет, бирок кандай гана жол менен болбосун бийликте калууга аракет кылышат. Мунун айынан «зулум» диктаторго айланышат. Өз ажалы менен өлгөн адамды да саясатташтырышат.
67 жаштагы Муххамед Мурси ушул дүйшөмбүдө сот залында жүрөгү кармап өлгөн. Ал Эрдогандын саясий өнөктөшү болгон.