Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:51

Си Цзиньпиң мамлекеттик сапар менен Пхеньянга келди


Си Цзиньпиң менен Ким Чен Ын.
Си Цзиньпиң менен Ким Чен Ын.

20-июнда Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиңдин Түндүк Кореядагы эки күндүк мамлекеттик сапары башталды. Бул тууралуу Бээжиндеги мамлекеттик маалымат каражаттары кабарлашты. Анда Цзиньпиңди бир катар жооптуу мамлекеттик кызматкерлер коштоп жүргөнү айтылды.

Бул кытай лидеринин соңку 14 жылдын ичиндеги Түндүк Кореядагы алгачкы мамлекеттик сапары болуп калды.

Кытай - Түндүк Кореяга таасир эте алган анын саналуу өнөктөштөрүнүн бири. Расмий Бээжин буга чейин Пхеньянды өзөктүк программасы тууралуу бир канча ирээт сындаган жана БУУнун буга байланыштуу санкцияларын колдогон.

АКШнын президенти Дональд Трамп менен Ким Чен Ын ушул жылдын февраль айында Вьетнамдын борбору Ханой шаарында жолуккан. Бирок жолугушуу майнапсыз жана белгиленген мөөнөттөн алда канча эрте аяктаган.

XS
SM
MD
LG