Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:01

«Женьминь жибао»: Интерполдун экс-төрагасы күнөөсүн мойнуна алды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Интерполдун мурдагы төрагасы Мэн Хунвэй Кытайдын түндүгүндөгү Тяньцзинь шаарындагы сотто коррупция боюнча коюлган айыптарды мойнуна алды. Бул тууралуу Кытайдагы Коммунисттик партиянын расмий гезити «Женьминь жибао» 20-июнда жазып чыкты.

Интерполду 2016-жылдан бери жетектеп жүргөн Хунвэй былтыр сентябрда Кытайга барганда ың-жыңсыз жоголуп кеткен. Расмий Бээжин бир айдан кийин ал пара алган деген шек менен камакка алынганын ырастаган.

Хунвэй Интерполду жетектегенге чейин Кытайда коомдук коопсуздук боюнча министрдин орун басары болуп иштеген жана өлкөдөгү таасирлүү саясатчылардын бири эле. Анын аялы күйөсүнүн камалышында саясат бар экенин айтып келет жана ал өткөн айда Францияда башпаанек алган.

XS
SM
MD
LG