Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:51

Путин орусиялыктардын жашоо шарты кыйындаганын мойнуна алды


Владимир Путин.
Владимир Путин.

Орусиянын президенти Владимир Путин 20-июнда түз байланышка чыгып, өлкөдөгү долбоорлордун мазмуну тууралуу суроолорго жооп берди.

Ал башкы максат - жарандардын жашоо деңгээлин көтөрүү экенин, ошондуктан өкмөт кошумча нарк салыгын жогорулатуу сыңары айрым бир элге жагымсыз кадамдарга да барганын айтты.

Бирок ал мындай чаралар натыйжа бере баштаганын, «өндүрүш жанданып, инфляциянын көлөмү төмөндөп, киреше көбөйгөнүн» билдирди.

Путин: «Эмнеге орусиялыктардын жашоо-шарты начарлады? Эмнеге айлык аз жана ал тамак-ашка жетпейт?» деген мазмундагы суроолорго жооп берип жатып, мындай кыйынчылыктар бар экенин мойнуна алды. Ал орусиялыктардын оор шартта жашап жатканын Батыштын санкциялары, кара майдын арзандашы, элдин насыяны көп алганы менен байланыштырды.

Владимир Путин ушул мүнөттөрдө 17чи түз байланыш өткөрүп, журналисттердин жана жарандардын суроолоруна жооп берип жатат.

XS
SM
MD
LG