Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:56

Тбилиси: миңдеген киши орусиялык депутаттын аракетине каршы акцияга чыкты


Грузия, Тбилиси. 21-июнга караган түн. 2019-жыл.
Грузия, Тбилиси. 21-июнга караган түн. 2019-жыл.

Грузиянын борбору Тбилисиде орусиялык депутаттын аракети элди нааразы кылды. 20-июнда парламенттин алдына чыккан миңдеген киши бүгүн таң атканга чейин күч органдары менен кармашып, парламент имаратына кирүүгө аракеттеништи. Түнкү саат 2лерде полиция желим ок жана көздөн жаш агызуучу газ колдонуп, парламенттин алдынан элди таратууга аракеттенди. Андан 70ге чукул демонстрант жараат алганы, анын 39у полиция кызматкери экени кабарланды.

Элдин нааразылыгына орусиялык депутат-коммунист Сергей Гавриловдун Тбилисидеги сапары учурунда спикердин ордуна отурганы себеп болду.

Гаврилов Грузияга Православия боюнча өткөн парламенттер аралык ассамблеясына төрагалык кылуу үчүн барган. Нааразылыкка чыккан грузиндер жыйын учурунда анын спикердин креслосуна отурушун "Грузияны сыйлабастык" катары баалап чыгышты. Ал бейшембиде ассамблеянын жыйынын грузин спикеринин креслосунда отуруп ачкан. Тыныгуудан кийин да ошол жерге отурууну көздөгөндө грузин парламентарийлери ага жолтоо болуп, «мамлекеттик институттарды шылдыңдоого жол берилбейт» деп жооп кайтарышканын жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.

Грузиндер Гавриловду орус президенти Владимир Путиндин өнөктөшү катары көрүшөт. Аны Түштүк Осетия менен Абхазиянын Грузиядан бөлүнүшү боюнча Орусиянын саясатын колдойт деп сындап жатышат. 2008-жылы грузин бийлигинин өзүнчө бөлүнүп кеткен эки аймакты кайтаруу жана Батыш уюмдарына кошулуу аракети Орусия менен беш күндүк согушка түрткү болгон.

XS
SM
MD
LG