Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:45

Камактагы Сапар Исаков президентти эки жүздүү тышкы саясат жүргүзбөөгө чакырды


Сапар Исаков.
Сапар Исаков.

Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоодогу коррупция боюнча айыпталып, камакта отурган экс-премьер-министр Сапар Исаков президентке кайрылды.

20-июнда Бишкек шаардык соту Сапар Исаковдун бөгөт чарасын өзгөртүү боюнча доо арызды карап, канааттандырган жок. Адвокаттар Исаковдун бир жылдай убакыттан бери абакта кармалышы мыйзамсыз деген негизде аны бошотуу тууралуу апелляциялык арыз жазышкан.

Соттун жүрүшүндө Исаков президент Сооронбай Жээнбековго кайрылды. Анда "эки жүздүү тышкы саясат мамлекеттин кулашына алып келет" деп айткан. Мурдагы премьердин кайрылуусунун текстин экс-президент Алмазбек Атамбаев башында турган КСДП партиясынын өкүлдөрү таратты.

Исаков Жээнбеков Кытай төрагасы Си Цзиньпиң менен жолугушуусунда «Гранттык жардамдар Кыргызстандын экономикасына, энергетикалык көз карандысыздыгына абдан жакшы таасир берип жатат» деп айтканын, бирок сотто «Электр станцияларынын» өкүлү ЖЭБ боюнча кытайлык компаниянын алдына коюлган максаттар ишке ашпаганын билдиргенин "эки жүздүүлүк" катары баалаган.

ЖЭБди модернизациялоо боюнча айыптар менен ШКУнун келечектеги көптөгөн долбоорлоруна, Кытайдын насыяларына жол жабылып жатканын кошумчалаган. Ошондой эле сотко кайрылып, адвокаттардын өзүн актоо тууралуу өтүнүчүн колдоого чакырган.

Президенттик аппарат Исаковдун кайрылуусу тууралуу комментарий бере элек.

Бишкек ЖЭБин модернизациялоодогу коррупция боюнча мурдагы премьер-министрлер Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев, мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаев баштаган жетекчилер күнөөлөнүп жатат. Айыпталуучулар өздөрүнө тагылган айыпты четке кагып келишет. (NT)

XS
SM
MD
LG