Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Апрель, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:06

Өзбекстанда башкы прокурор Отабек Муродов кызматтан алынды

Нигматулла Юлдашев (солдо) жана Отабек Муродов.
Нигматулла Юлдашев (солдо) жана Отабек Муродов.

Өзбекстандын башкы прокурору Отабек Муродов кызматтан алынганын 20-июнда өлкө президентинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта 2018-жылдын январынан бери башкы прокурор болуп иштеп жаткан Муродов Конституциянын 93-беренесинин 12-бөлүгүнө ылайык кызматтан кеткени айтылат.

Отабек Муродовдун ордуна башкы прокурор болуп Сенаттын спикери Нигматулла Юлдашев дайындалды.

57 жаштагы Юлдашев 1985-жылы Ташкент мамлекеттик университетинин юридика факультетин аяктап, 1994-жылы Башкы прокуратурада иштей баштаган. 2008-жылдан 2011-жылга чейин баш прокурордун орун басары, 2011-жылдан 2015-жылга чейин юстиция министри кызматтарын аркалаган. 2015-жылдын январында сенатор, февралда Сенаттын төрагасы болуп шайланган.

XS
SM
MD
LG