Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:42

Өзбекстан: кызматтан кеткен экс-башкы прокурор суракта экени кабарланды


Отабек Муродов.
Отабек Муродов.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 20-июнда Отабек Муродовду башкы прокурор кызматынан бошотту. Анын ордуна 2015-жылдан бери Сенаттын спикери болуп иштеп келе жаткан 57 жаштагы Нигматулла Юлдашев дайындалды.

Расмий Ташкент башкы прокурорду алмаштыруунун себебин айткан жок. Бирок "Азаттыктын" өзбек кызматынын булактары бул кадам буга чейин камалган экс-башкы прокурор Рашид Кадыров жана атайын кызматтын мурдагы жетекчиси Ихтиёр Абдуллаев баштаган жетекчилердин иши менен байланыштуу экенин билдиришти.

Алар анонимдүү түрдө буларга козголгон кылмыш ишинин алкагында Отабек Муродов да айыпталып жатканын айтышты. Маалыматка караганда, Муродов 17-июнда эле кызматтан алынган. Расмий түрдө маалыматты үч күндөн кийин таратышкан. Ошондой эле дагы бир булактар 19-июнда Отабек Муродов Мамлекеттик коопсуздук кызматынын тергөө абагына суракка жеткирилгенин кабарлады. Башкы прокуратура бул маалыматтар боюнча комментарий бере элек.

Өзбекстанда экс-башкы прокурор Рашид Кадыров жана УККнын мурдагы жетекчиси Тихтиёр Абдуллаев баш болгон адамдар “кызматынан кыянат пайдаланган”, “опузалап акча талап кылган”, “пара алган” деп айыпталган.

XS
SM
MD
LG