Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:42

Кыргызстан эгемендик алгандан бери 20 миңдей качкынды кабыл алды


Сириялык качкындар. Иллюстрациялык сүрөт.
Сириялык качкындар. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстан 1990-жылдардан ушул күнгө чейин 20 миңден ашуун чет элдик качкынды кабыл алды. Бул тууралуу БУУнун Качкындар боюнча агенттигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгү кабарлады.

Мекемеден кабарлашкандай, алардын көбү Кыргызстандын ичинде интеграция болсо, калган бөлүгү башка өлкөгө которулуп, айрымдары өз өлкөсүнө кайтарылган. Уюмдун маалыматына ылайык, Кыргызстанда учурда баш калка издеген жана качкын макамын алган 400дөй адам бар.

Мунун алдында Мамлекеттик миграция кызматынын кайрылмандар жана качкындар менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Жыпара Мамбетова 2019-жылдын 1-июнуна карата Кыргызстанда 200 чет элдик адам качкын макамы менен жашап жатканын билдирген. Ушундай өтүнүч менен кайрылган 142 кишинин арызы каралып жатканын ырастаган.

20-июнда Качкындардын бүткүл дүйнөлүк күнү белгиленди. Кыргызстандын Мамлекеттик миграция кызматы БУУнун Качкындар боюнча агенттиги менен чогуу бул датага карата кечээ Бишкекте спорт мелдешин өткөрдү. Футбол федерациясынын аянтчасындагы иш-чарага Кыргызстанга бозгун болуп келген чет элдиктер катышты. (ErN)

«Сириядан балдарым менен качып чыктым...»
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:55 0:00

XS
SM
MD
LG