Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:18

«Учкун» басылмасы аттестаттар өз убагында берилерин билдирди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандагы бүтүрүүчүлөр мектепти аяктаганы тууралуу аттестаттарды өз убагында алат. Бул тууралуу “Азаттыкка” тендердин негизинде мамлекеттик үлгүдөгү документтерди басып чыгаруу укугун алган “Учкун” ачык акционердик коомунун директору Даир Кенекеев билдирди.

Ал борбор калаадагы жана Чүй облусундагы мектептерге аттестаттар Билим берүү министрлиги бекиткен графикке ылайык, 24-июнга чейин берилиши керек экенин билдирди:

- Бирок биз графиктен эрте эле берип салууга мүмкүнчүлүктөрдү издеп жатабыз. Бүгүн аттестат деген теманы бүтүрөбүз деген оюбуз бар. Мурунку жылдары тендер алты ай мурун өтчү. Быйыл тендер майдын аягында өттү. Келишимге 6-июнда кол койдук. Эки жүз миңге жакын нусканы алты күндө жасаш чоң иш. Бирок графикке жараша кечиктирбей даярдап берип жатабыз. Кийинки жылдарга мамлекеттик маанидеги документтерди дайыма бир ишкана жасаса, ушундай шашылыш темп болбойт. Биз бардык күчүбүздү жумшап, документтерди тез арада жасап бергенге үлгүрдүк, - деди ал.

Буга чейин социалдык тармактарда Бишкек шаарындагы мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн аттестаттары даяр эмес экенин жазып чыгышкан. Анда борбордун айрым мектептериндеги окуучулардын ата-энелери аталган документ даяр болбогону үчүн 21-июнда боло турган майрамдык салтанатты башка күнгө жылдыруу аракети көрүлүп жатканын айтып чыгышкан.

“Учкун” ачык акционердик коому быйыл 11-класстын бүтүрүүчүлөрү үчүн 61 миң аттестат, 9-классты бүткөндөргө 98 миң күбөлүк даярдады. Тендерге үч компания катышкан. (AlS\ErN)

XS
SM
MD
LG