Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:05

Гонконгдо экстрадиция мыйзамына каршы болгондор кайра топтолушту


Гонконгдогу нааразылык демонстрациясы. 17-июнь 2019-жыл
Гонконгдогу нааразылык демонстрациясы. 17-июнь 2019-жыл

Гонконгдо миңдеген киши экстрадиция жөнүндөгү мыйзамга нааразылык билдирип, полициянын баш кеңсесинин жанына чогулушту. Бул тууралуу Би-Би-Си кабарлады.

Тартип коргоочулар демонстранттардан таркап кетүүнү суранышты. Кармоолор же күч колдонуу тууралуу маалымдалган жок. Автономдуу аймактын бийлиги мыйзам бузууга шек саналган адамдарды Кытайга экстрадициялоо тууралуу жобону киргизүүнү караштырууда.

Долбоорго макул эместер муну менен диссиденттерди, акыйкатсыз куугунтукталган адамдарды Кытайга өткөрүп берүүгө жол ачылат деп чочулашат. Массалык нааразылык акциясынан кийин мыйзамды иштеп чыгуу бир нече убакытка токтотулган. Бирок демонстранттар жараян толугу менен токтошу керек дешет. Өткөн дем алыш күндөрү, маалымат каражаттары кабарлашкандай, Гонконгдун көчөлөрүнө 2 миллиондой киши чыккан.

1997-жылы Британиянын эски колониясы Гонконг өзгөчө укуктары бар, демократияга жана эркиндиктерге кепилдик берилген атайын аймак катары Кытайга өткөрүлүп берилгенде сот системасы көз карандысыз бойдон калышы керек деген шарт коюлган.

XS
SM
MD
LG