«Улуттук башкаруучу компания» ачык акционердик коому түзүү боюнча чечимге премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.
Өкмөт аппаратынан кабарлашкандай, бул чечим мамлекеттик мүлктү башкаруу системасын өркүндөтүү максатында кабыл алынды.
«Улуттук башкаруучу компания» ачык акционердик коому Кыргызстандын мыйзамдарында белгиленген тартипте уставдык капиталына мамлекеттин 100 пайыз катышуусу менен түзүлүүдө. Анын бир акциясы 100 сом номиналдык наркы менен 100 миң жөнөкөй энчилүү акцияларга бөлүнгөн 10 миллион сом өлчөмүндө аныкталды.
Өкмөткө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондуна «Улуттук башкаруучу компания» ачык акционердик коомунун уюштуруучусу катары чыгып, «Улуттук башкаруучу компания» ачык акционердик коомун Кыргызстандын юстиция органдарында мамлекеттик каттоодон өткөрүү тапшырмасы берилди.
Мунун алдында өкмөт башчы Мухеммедкалый Абылгазиев кеңешме өткөрүп Мамлекеттик ишканалардын жарымы өзүн актабай калганын сынга алган. (ErN)