Азия өлкөлөрүндө өтө кооптуу чочко ылаңы жайылып жатат. Кытайда миллионго жакын чочко кырылды. Айрым эксперттер эпидемиялык кырдаал көзөмөлдөн чыгып кетиши мүмкүн экенин эскертишти.
Жаныбарлардын саламаттыгын коргоо боюнча эл аралык уюм 20-июнда Вьетнамда ылаңдан улам 2,6 миллион чочко жок кылынганын билдирди. Ылаң Лаос, Гонконг, Тайван, Түндүк Корея, Камбожа жана Монголияда да катталган.
Адамдарга коопсуз ылаңдын дабасын ветеринарлар таба элек. Акыркы абалга байланыштуу чочко этинин баасы дүйнөдө 40% кымбаттап кетти. Аналитиктердин божолунда Кытайда чочко этин өндүрүү быйыл 35% азайышы мүмкүн.