Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:42

Грузин парламентинин төрагасы кызматынан кетти


"Грузин кыялы" партиясынын басма сөз жыйыны. Тбилиси, 21-июнь 2019
"Грузин кыялы" партиясынын басма сөз жыйыны. Тбилиси, 21-июнь 2019

Грузия парламентинин спикери Ираклий Кобахидзе кызматынан кетти. Анын билдирүүсүн 21-июнда башкаруудагы "Грузин кыялы" партиясынын баш катчысы, Тбилиси шаарынын мэри Каха Каладзе партия жетекчилигинин жыйынынан кийин журналисттерге окуп берди.

Оппозиция лидерлери Кобахидзени жана ички иштер министрин кызматтан кетүүгө үндөп, бүгүн кайрадан көчөгө чыгышарын эскертишкен. Демонстранттар ошондой эле мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өткөрүүнү талап кылышууда.

Өкмөт 20-июнда кечинде жана жумага караган түнү демонстранттар менен полициянын кагылышууларында 240 киши жарадар болгонун, 100 киши ооруканаларда кала бергенин билдирди.

Нааразылыкка орус Мамлекеттик Думасынын депутаты Сергей Гавриловго байланышкан окуя себеп болгон. Гаврилов Грузияга Православ өлкөлөрүнүн парламенттер аралык ассамблеясына төрагалык кылуу үчүн барган. Нааразылыкка чыккан грузиндер жыйын учурунда анын спикердин креслосуна отурушун "Грузияны сыйлабастык" катары баалашты.

Грузиндер Гавриловду орус президенти Владимир Путиндин өнөктөшү катары көрүшөт. Жикчил Түштүк Осетия менен Абхазия боюнча Орусиянын саясатын колдойт деп сындап жатышат.

XS
SM
MD
LG