Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:41

Жалал-Абадда жайлоодо жоголуп кеткен бала табылды


Кыргызстандагы жайлоолордун бири. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстандагы жайлоолордун бири. Иллюстрациялык сүрөт.

Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Тоскоол-Ата токой чарбасынын Жерде-Айгыр жайлоосунда жоголуп кеткен 12 жаштагы бала 21-июнда саат 17:35те табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, өспүрүм 20-июнь күнү келбей калган. Издөө иш-чараларын жүргүзүүгө аталган министрликтин Майлуу-Суу шаардык №83 жана Ноокен райондук №55 куткаруучулар бөлүмүнөн 12, беш милиция кызматкери тартылды.

Табылган бала ата-энесине өткөрүлүп берилди. Абалы жакшы. (ErN)

 

XS
SM
MD
LG