Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:48

Трамп Иранга сокку урууга буйрук бергенин ырастады


Дональд Трамп Ак Үйдө. 20-июнь, 2019-жыл.
Дональд Трамп Ак Үйдө. 20-июнь, 2019-жыл.

АКШнын президенти Дональд Трамп америкалык дрондун атып түшүрүлүшүнө жооп иретинде Иранга каршы сокку урууга буйрук бергенин ырастады. 21-июндагы бир нече твитинде президент Ирандагы үч жайга соккуну чабуулга 10 мүнөт калганда токтотконун, себеби 150дөй киши өлүшү мүмкүн деген маалымат түшкөнүн жазды. Президент муну «ашыкча» чара деп сыпаттай турганын билдирди.

Мунун алдында Тегеран 20-июнда атып түшүрүлгөн АКШнын дрону Ирандын аба мейкиндигин бузганынына «талашсыз» далилдери бар экенин билдирген. Ирандын тышкы иштер министри мындай билдирүүнү 21-июнда, америкалык медиа президент Дональд Трамп Ислам Республикасына сокку уруу планын жактырып, бирок миссиясы чукул токтотконун кабарлашкандан кийин жасады.

Ал арада АКШнын Иран боюнча чабарманы Брайн Хук Иран менен чыңалууну басаңдатыг үчүн «колдон келишинче аракет көрүү маанилүү» деп билдирди.

«Reuters» агенттиги Иран өкмөтүнүн расмий өкүлүнө шилтеме кылып кабарлагандай, Трамп түн ичинде Оман аркылуу Иранга чабуул урулаарын эскертип, сүйлөшүүлөргө чакырган билдирүүсүн жөнөткөн.

Президент Трамп дрон жаңылыш атылып түшүргөн болушу мүмкүн экенин 20-июнда Канаданын премьер-министри Жастин Трюдо менен кездешүүдөн кийин билдирген.

Иран Ислам революциясынын сакчылары корпусу америкалык дрон 20-июнда өлкөнүн түштүгүндөгү Хормозган провинциясында атып түшүрүлгөнүн жарыялаган. Тегеран дрон тыңчылык кылганын жана Ирандын аба чек арасын бузганын маалымдаган. АКШнын Борбордук командачылыгы Тегеран америкалык дронду атып түшүргөнүн ырастап, бирок окуя Ирандын аймагында эмес, Ормуз кысыгында болгонун билдирүүдө.

XS
SM
MD
LG