Өзбекстан тарыхында биринчи жолу аял парламенттин жогорку палатасы – Сенатты жетектөөгө шайланды. 21-июнда сенаторлор президент Шавкат Мирзиёев сунуш кылган Танзиля Норбоеванын талапкерлигин колдошоту. Норбоева премьер-министрдин орун басары жана өкмөттүн Аялдар боюнча комитетининин башчысы болчу. Сенаттын мурдагы төрагасы Нигматулла Юлдошев 20-июнда башкы прокурор болуп дайындалган.
Мурда бул кызматты аркалаган Отабек Муродов иштен алынган. Мирзиёев жума күнү ага паракорлук боюнча айып тагылганын билдирди.