Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:15

Грузия: Түн тынч өттү, оппозиция митингди улантууга чакырды


Тбилиси. 22.06.2019
Тбилиси. 22.06.2019

Эки күндүк антиорусиялык нааразылык акцияларынан кийин Тбилисиде түн тынч өттү. Соңку маалыматтарга караганда, грузин парламентинин алдында жаштар тобу дагы эле отурушат.

Оппозиция өкүлдөрү митинг бүгүн 22-июнда да уланарын, ички иштер министринин отставкасы жана мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өткөрүү талаптары коюларын айтып жатышат.

Өкмөт 20-июнда кечинде жана жумага караган түнү демонстранттар менен полициянын кагылышуусунда 240 киши жарадар болгонун, 100 киши ооруканада экенин билдирди.

Нааразылыкка орус Мамлекеттик Думасынын депутаты Сергей Гавриловго байланышкан окуя себеп болгон. Гаврилов Грузияга Православ өлкөлөрүнүн парламент аралык ассамблеясына төрагалык кылуу үчүн барган. Нааразылыкка чыккан грузиндер жыйын учурунда Гаврилов төраганын креслосуна отурушун "Грузияны сыйлабастык" катары баалашты.

Грузиндер Гавриловду орус президенти Владимир Путиндин өнөктөшү катары көрүшөт. Жикчил Түштүк Осетия менен Абхазия боюнча Орусиянын саясатын колдойт деп сындап жатышат. (RK)

XS
SM
MD
LG