Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:55

АКШ мыйзамсыз мигранттарга каршы рейдге камынууда


Техас. Макаллен станциясында кармалып турган мыйзамсыз мигранттар.
Техас. Макаллен станциясында кармалып турган мыйзамсыз мигранттар.

Дональд Трамптын администрациясы АКШдагы мыйзамсыз мигранттарды өлкөдөн чыгаруу боюнча ири операцияны ишке ашырууга камынууда. Америкалык маалымдоо каражаттары иммиграция жана бажы кызматтары дем алыш күндөрү 10 шаарда рейд жүргүзүп, сот "депортация кылынышы керек" деген адамдарды кармай турганын жазышты.

Мындай чарага Атланта, Балтимор, Чикаго, Денвер, Хьюстон, Лос-Анжелес, Майами, Жаңы Орлеан, Нью-Йорк жана Сан-Францискодогу 2000 адам кабылышы ыктымал.

Бийлик өкүлдөрү кармалгандарды үй-бүлөсүнөн ажыратууга жол берилбей турганын убада кылууда. Себеби ата-энеси АКШда мыйзамсыз жүргөн, ал эми балдары ошол жерде төрөлгөн үй-бүлөлөр бар.

АКШнын Иммиграция жана бажы полициясынын (ICE) маалыматына караганда, бүгүнкү күндө бул өлкөдө 10 миллион адамдын документи туура эмес.

2012-жылы Кошмо Штаттардан 400 миң адамды, ал эми 2018-жылы 256 миң адамды күчтөп чыгарышкан. (RK)

XS
SM
MD
LG