Бүгүн Таласта шаардын 75 жылдык мааракеси өтүп жатат. Бул тууралуу “Азаттыкка” калаа башчы Айдарбек Жузупбеков билдирди.
Учурда спорттун жети түрү боюнча мелдештер өтүүдө.
Ал эми кечинде ырчы-чоорчулардын катышуусунда чоң программадагы концерт уюштурулат.
Шаардын түптөлүшүнө арналган иш-чараларды уюштурууга мэриянын бюджетинен 200 миң сомдун тегерегинде каражат каралган.
Талас шаар макамын 1944-жылы 22-июнда алган. Ага чейин Ак-Чий айылы болчу.
Калкынын саны 35 миңден ашык адам. (AlS)