Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 06:05

Кыргызстандык токойчулар Түркияда тажрыйба алмашууда


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандык 11 токойчу Түркияда токойдогу өрт коопсуздугу боюнча окуудан өтүп жатышат.

Теориядан тышкары бул иш-чаранын алкагында түрк адистери кыргызстандык кесиптештерине Анталия аймагындагы токойлорду кыдыртып, өрттөн коргоо багытында тажрыйба бөлүшүшөт.

Түркиянын Анталия шаарынын Токой чарба башкармалыгы уюштурган иш-чарага 16 өлкөдөн 300гө жакын токой инженери катышууда.

Түркиянын Токой жана суу министрлигинин статистикалык маалыматына караганда, 2018-жылы бул өлкөдө 120 миң гектарга жакын токой өрттөнүп кеткен. Түркиянын токойлорунда чыккан өрттүн саны акыркы алты жылда кескин өскөнү байкалган. (ElB)

XS
SM
MD
LG