Линктер

шейшемби, 16-июль, 2019 Бишкек убактысы 20:07

Атамбаевдин тарапкерлери анын Кой-Таштагы үйүнө чогулууда


Алмазбек Атамбаев жыйынга жубайы Раиса Атамбаева менен барды. 22.06.2019

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таш айылындагы үйүндө иш-чара өтүп жатат.

"Апрель" телеканалы Фейсбуктагы баракчасынан түз көрсөтүп жаткан бул иш-чараны жарандык жыйын деп атоодо.

Иш-чаранын катышуучулары. 22.06.2019
Иш-чаранын катышуучулары. 22.06.2019

Болжол менен 250дөн ашык адам чакырылган. Алар Чүй, Ысык-Көл, Талас облустарынын тургундары экени айтылды.

Жогорку Кеңештин депутаттары Карамат Орозова, Асель Кодуранова жана Анвар Артыков да барышты.

Чогулгандардын алдына Атамбаев өзү да жубайы менен барды.

Жыйында сүйлөгөндөр Атамбаевге карата мыйзамсыз аракеттер жүрүп жатканын айтууда. (AlS)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG