Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Январь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:25

Ноокенде жоголгон эки жашар наристе бир күндөн кийин аман табылды


Куткаруучулар тобу.
Куткаруучулар тобу.

Жалал-Абадда куткаруучулар дайынсыз болуп жаткан эки жашар наристени бир күндөн кийин аман-эсен таап алышты.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, окуя Ноокен районунун Жерде-Айгыр жайлоосунда 20-июнда болгон.

Куткаруучулар милиция жана жергиликтүү тургундар менен чогуу издөө иштерин жүргүзүп, 21-июнда баланы жашаган жеринен беш чакырым алыстыкта сай бойлоп бара жаткан жеринен таап, ата-энесине өткөрүп беришти.

Баланын ден соолугу, абалы жакшы экени айтылды. (RsK)

 

XS
SM
MD
LG