Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:54

Иран АКШ чабуул баштаса «тарыхый жообун» аларын эскертти


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Тегеран эгер АКШ Иранга карата агрессивдүү чара көрсө кесепети оор болорун эскертти.

Бүгүн 22-июнда бул өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабы Иранга каршы кандай гана кадам жасалбасын, "тарыхый жообун" аларын билдирди.

АКШ президенти Дональд Трамп америкалык дрондун атып түшүрүлүшүнө жооп иретинде Иранга каршы сокку уруу буйругун бергенин, бирок чабуулга 10 мүнөт калганда токтотконун, себеби 150дөй киши өлүшү мүмкүн деген маалымат түшкөнүн билдирген.

Иран Ислам революциясынын сакчылары корпусу америкалык пилотсуз учак 20-июнда өлкөнүн түштүгүндөгү Хормозган провинциясында атып түшүрүлгөнүн билдирген. АКШнын Борбордук командачылыгы Тегеран америкалык пилотсуз учакты атып түшүргөнүн ырастап, бирок окуя Ирандын аймагында эмес, Ормуз кысыгында болгонун айтууда.

XS
SM
MD
LG