Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Октябрь, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 11:04

Түрк элчиси Айтматовдун кайрылуусун «өтө эле маанисиз» деп баалады


Иллюстрациялык сүрөт.

Түркиянын Кыргызстандагы элчилиги мурдагы тышкы иштер министри Аскар Айтматовдун элчи Женгиз Камил Фыратка кайрылуусун «өтө эле маанисиз жана деңгээли жок кат» деп баалады.

Элчилик тараткан билдирүүдө «ФЕТО менен кызматташып, экинчи жагынан Түркия менен кызматташуу мүмкүн эмес. Эки жолдун бири тандалышы керек. Аскар Айтматов өз жолун так тандап, өзү «биздин балдар» деп атаган «феточулар» менен кызматташтыгын жана аларга болгон колдоосун улантарын мурда эле бизге билдирген. Ошондуктан ал адамдын Түркияны колдонуп пайда табышына чекит коюлган» деп айтылат.

Айтматов түрк элчиси аны ушактап, каралап жатканын жазып, 20-июнда интернет-басылмалар аркылуу ачык кат жазган жана 10 күндүн ичинде кечирим сурабаса «мыйзамдуу кадамдарга барарын» айткан.

«ФЕТОнун мүчөсү эместигимди жакшы билесиз, аны коргоп эч кандай билдирүү жасаган эмесмин. Кызым «Сапат» мектебинде окуганы үчүн эле мени ФЕТОнун мүчөсү деп алдыңызбы? Анда ошол мектептерде окуган 15 миң баланы жана ата-энелерин да сиз «феточу» дейсизби? «Сапаттын» ишин улантууга мүмкүнчүлүк берген Кыргызстандын президентин да, парламент төрагасын, өкмөт башчысын, министрди да ФЕТОнун мүчөсү дейсизби?» деп суроо койгон Айтматов.

«Себат» билим берүү мекемеси Кыргызстанда 1992-жылдан бери иштеп келе жатат. Кыргыз бийлигинин чечими менен ал 2017-жылы «Сапат» болуп өзгөргөн.

Кошмо Штаттарда жашаган Фетхуллах Гүленди расмий Анкара 2016-жылкы «аскердик төңкөрүш аракетинин артында турган» деп айыптап келет. Гүлен өзү мындай дооматтарды четке каккан. Түрк бийлиги анын кыймылын ФЕТО деп атап, президент Режеп Тайып Эрдоган уюмду террористтик деп таанууга чакырган.

Жакында Кыргызстан түрк элчисинин аракеттерине байланыштуу Түркияга нота тапшырган. (RK)

Пикирлерди көрүңүз (28)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG