Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) аймак аралык кастыкты козуткан жана башка чагымчыл материалдарды тараткан адамдар мыйзам чегинде кылмыш жообуна тартыларын эскертти.
Мекеменин басма сөз кызматы тараткан билдирүүдө Интернеттеги социалдык түйүндөрдө ушундай мүнөздөгү чагымчыл материалдар тарап жатканы, алардын максаты өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалды курчутуу экени белгиленет.
«Ушуга байланыштуу УКМК аймак аралык кастыкты козуткан материалдарды жасап, жайылтууга тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча ыкчам издөө иштерин жүргүзүп жатат» деп айтылат атайын кызматтын билдирүүсүндө. (RK)